Кыргызстанда канча абитуриент студенттикке сунушталгандыгы белгилүү болду
Бул маалымат Жогорку билим берүү министрлиги жана ЖОЖ басма сөз кызматтарынын расмий билдирүүлөрүнө негизделген.

Кыргызстанда 2022/2023 окуу жылы үчүн 190 375 абитуриент студенттикке сунушталды, деп билдирет Мамлекеттик тест борбору. Окуу жайларынын бакалавриат билим берүү багыттарына кирүү тестинин жыйынтыктарына ылайык, алардын 39 962си — мамлекеттик грант; 150 413ү — төлөм-контракт негизинде студенттикке сунушталган.
Студенттикке сунушталган абитуриенттердин билим алуу формалары боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүчө: күндүзгү билим алуу формасы — 118 352; сырттан билим алуу формасы — 45 407; кечки билим алуу формасы — 9 139; алыстан билим алуу формасы — 3 416. Тандоо жыйынтыктарына ылайык, мамлекеттик грант боюнча орто балл 121,2 баллды, төлөм-контракт боюнча орто балл болсо 95,9 баллды түздү.
Студенттикке сунушталган абитуриенттердин 176 миңден ашыгы жалпы кабыл алуу параметрлери боюнча, 13 миңден ашыгы жеңилдикке ээ абитуриенттер үчүн бөлүнгөн кошумча кабыл алуу параметрлери боюнча сунушталган. Атап айтканда: мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар — 3,2 миң; балдар үйү, балдар айылынан чыккан түлектер жана камкордукка, демөөрчүлүккө же үй-бүлөгө тарбиялоого алынган (патронат) жетимдер — 272; мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп, аскер бөлүмүнүн командиринин сунушуна ээ болгондор — 4,7 миң; аскер кызматкерлеринин балдары — 1,9 миң; ички иштер органдарынын учурдагы кызматкерлеринин балдары — 739; муктаж үй-бүлөлөрдөгү аялдар — 1,9 миң; кеминде 5 жылдык жумуш стажы бар аялдар — 379.
Темага байланыштуу AI генераторлору
Бул тема боюнча курстук ишти, рефератты же слайдты бир нече мүнөттө даярдаңыз.
AI Курстук иш генератору
Бул окуу куралынын негизинде план, киришүү жана корутундусу менен курстук иш жазыңыз.
AI Презентация жасоочу
Китептин бөлүмдөрү жана темалары боюнча кесипкөй слайдтарды жана тезистерди даярдаңыз.
Реферат жана өз алдынча иш
Тема боюнча талдоо рефератын, конспект же өз алдынча иш отчетун тез даярдаңыз.
Багыт боюнча алдыңкы жогорку окуу жайлары
Абройлуу университеттер, багыттар жана кабыл алуу көрсөткүчтөрү менен таанышыңыз.
Башка жаңылыктар менен таанышыңыз
Бардык жаңылыктар